Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Кыргызстан жыл сайын Орусияга 1.5 млрд. кВатт/саат электр энергиясын сатат


БИШКЕК. Кыргызстандын «Электрстанциялар» акционердик коому менен Орусиянын «Интер РАО ЕЭС» акционердик коому келишимге кол коюшту. Ага ылайык, «Электрстанциялар» АКсы 2005-жылдан 2009-жылга чейин Орусияга жыл сайын 1.5 млрд. кВатт/саат электр энергиясын сатат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү «Электрстанциялар» акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты. Бул ишканананын башчысынын орун басары Айдар Калиевдин айтымында, бул кадам электр энергия тармагынын өнүгүүсүнө жакшы негиз болуп бермекчи. Акыркы 4 айда Кыргызстан Орусияга 715 млн. кВатт/саат энергия саткан.

XS
SM
MD
LG