Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Ф.Куловдун президенттикке талапкер болушуна Конституция жол берет


БИШКЕК. Конституция «Арнамыс» партиясынын учурда камактан жаткан төрагасы Феликс Куловдун президенттик шайлоого талапкер катары катышуусуна жол берет. Бул тууралуу бүгүн партиянын мүчөсү Бөдөш Мамырова билдирди. Анын айтымында, Феликс Кулов «Учкун» гезитинин кабарчысынын суроолоруна кат жүзүндө берген жообунда 2005-жылдагы шайлоого катышаарын билдирген. Кабарчынын «Шайлоодо жеңээриңизге ишенесизби?» деген суроосуна «Жеңишке жетээримден күмөн санабайм» деп жооп берген. Буга чейин белгилүү болгондой, «Атамекен» жана «Арнамыс» партиялары биргелешип 2005-жылдагы шайлоодо Феликс Куловдун талапкерлигин президенттикке көрсөтөөрүн билдиришкен эле.

XS
SM
MD
LG