Окуя Иерусалимдеги айтылуу ал-Акса мечитинде болду. Жаалданган мусулмандардын тобу Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Махерди көздөй бут кийимдерин ыргытышып, аны сабоого аракеттенишкен. Палестин радикалдары Израил бийликтери менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн келген Ахмед Махерди саткынчылык кылганы үчүн айыпташты. Министр ошол эле замат ооруканага жеткирилген. Израилдик дарыгерлер анын саламаттыгы дурус экенин маалымдашты. Мунун алдында Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон менен жолуккан Ахмед Махер жөөт өкмөт башчысы "Жол картасы" тынчтык планын жактаарын ырастаганын билдирген. Ал эми Ариэль Шарондун жолугушуудан соң айтканына караганда, Израил палестин согушчан топтору менен элдешүү жөнүндө макулдашууга кол койбойт. Бирок палестин согушкерлери чабуулдарын токтотсо, ушундай эле кадамга Израил да барат. Египет 2000-жылы жөөт өкмөтүнүн палестиндерге каршы жүргүзгөн чараларына нааразылык билдирип, Израилдеги элчисин алып кеткен болчу. Учурда расмий Каир палестин согушкерлеринин Израил менен ок атышууну токтотуусуна жетишүүгө аракеттенүүдө. Алгачкы сүйлөшүүлөр ушул айдын башында натыйжасы аяктаган.