Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Сербиянын премьер-министри Зоран Жинжичти өлтүрүүгө катышы барлардын үстүнөн сот иши башталды


Сот жараяны башталар замат эле адвокаттардын өтүнүчүнө ылайык бир күнгө тыныгуу жарыяланды. Адвокаттар айыптоо актысына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр менен таанышуу зарылдыгын билдиришти. Зоран Жинжич быйыл 12 - мартта снайпердик мылтыктан ок жеп каза болгон эле. Бул иш боюнча жалпысынан 36 адамга айып коюлган. Бирок шектүү кылмышкерлердин 15и, анын ичинде кол салууну уюштурду деген Милорад Лукович алигиче кармала элек. Андыктан алар сырттан соттолмокчу. Сербиялык прокурорлордун ишениминде, Зоран Жинжичти өлтүрүүнү уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү 90-жылдары Балканда болгон согуштун катышуучулары менен биргеликте ишке ашырышкан.

XS
SM
MD
LG