Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Ирактын карыздарына байланышкан маселе Орусияда талкууланды


Орусия бийликтери менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн Москвага Ирактын Башкаруу кеңешинин делегациясы келген эле. "Рейтер " агенттиги делегация мүчөлөрүнүн бирине шилтеме берип кабарлаганына караганда, Орусия тарап Ирактын карызынын 65%ын кечүүнү сунуштаган. Бирок бул сунуш кредиторлордун Париж клубу тарабынан жактырылышы керек. Орусиялык расмий өкүлдөр мындай маалыматты ырасташа элек. Сүйлөшүүлөрдө орусиялык компаниялардын Иракта иштөө мүмкүнчүлүгү тууралуу да сөз болду. Орусиянын президенти В.Путин жолугушуу учурунда буларды белгиледи:
- Орусиянын компаниялары Иракта активдүү иштегенге даяр. Баштапкы эсептөөлөр боюнча орусиялык компаниялардын жалпы инвестициянын өлчөмү 4 миллиард долларга жетиши мүмкүн.
Орусиянын энергетика министри Игорь Юсуфовдун айтымында, Ирак тарап Москва Саддам Хусейндин өкмөтү менен түзгөн мунай контракттары боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону сунуштаган.

XS
SM
MD
LG