Аралыктан башкарылган бомба америкалык аскерий кербендин жолунда жарылган. Андан дагы эки жоокер жаракат алды. Ал эми өткөн түнкү операциялар учурунда АКШнын аскерлери Ирак армиясынын мурдагы генералы Мумтаз ал-Тажини кармашты. Ал коалициянын аскерлерине каршы кол салууларды уюштурганы үчүн шектелүүдө. Бүгүн поляк аскерлерине жолугуу үчүн Иракка Польшанын президенти Александр Квасьневски барды.