Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:48

Кабулда Лойа Жырганын иши уланууда


Акыркы күндөрү беш жүздөн ашуун делегаттар он топко бөлүнүп, конституциянын долбоорун өз-өзүнчө талкуулап чыгышкан эле. Түштөн кийин атайын комиссия алардын сунуш-пикирлерин жалпылап, корутунду вариантты даярдоого киришти. Негизги талаш-тартыштар президенттик жана парламенттик башкаруу системасына байланыштуу болуп жатат. Курултайдын көпчүлүк делегаттарына каяша кылып, бир нече фракция президентке теңбирдей күч катары премьер-министрдин кызматын киргизүүнү талап кылып жатышат. Алымча-кошумчалардын баары бейшемби күнү колго салынышы ыктымал.
XS
SM
MD
LG