Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

Египет министри ооруканага жаткырылат


Ахмед Махерди кечээ Иерусалимде ыйык ал-Акса мечитинде ислам радикалдары туш-туштан омуроолоп, катуу төпөштөп кое жаздашты. Кара жөөлөш маалында Мехердин деми кысылып, буту чалыштап, баса албай калды.Министр эс-учунан танып, госпиталга жеткирилди дешкен эле. Бирок кийин муну жокко чыгарып, Махер өзү бул адисага карабастан Египет региондо арачылык аракетин уланта берерин, мунун зарылдыгын кечээки окуя ого бетер бышыктагандыгын билдирди. Махер акыркы эки жылдан бери Израилге жана Палестин автономиясына келе элек болчу. Кечээки окуяга байланыштуу бир нече палестин тургуну кармалып, камакка алынды.

XS
SM
MD
LG