ОШ. Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин Ош облустук бөлүмү Юстиция министрлигине, эларалык жана жергиликтүү уюмдарга кайрылышты.
Кайрылууда Адам укугу боюнча кыргыз комитетинин Ош облустук бөлүмүнүн мүчөлөрү «Болот Тыналиев башында турган комитеттин 2003-жылдын 28-ноябрында Юстиция министрлиги тарабынан кайрадан катталышын мыйзамсыз» деп эсептеп, комитеттин башкармалыгынын төрагасы Рамазан Дырылдаевдин кызматтан четтетилүүсүн куугунтук деп баалашаарын айтышкан. Ошондой эле 2003-жылдын 11-майында адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин кайра шайлоо конференциясында төрага Рамазан Дырылдаев дагы беш жылга өз ордуна калуу ишенимине ээ болгондугу жана бул конференциянын чечимине ылайык комитеттин жетекчиси Дырылдаев бойдон калаары белгиленген.