Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Иран менен Кыргызстандын соода алакасы жакшырат


БИШКЕК. Мындан ары Кыргызстан менен Иранда чыгарылган товарлардын туруктуу жармаңкеси уюштурулуп, эки өлкөдө тең Соода үйлөрү түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министри Аскар Айтматов кыргыз президентинин Ирандагы визитинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, эки мамлекеттин ортосундагы соода тууралуу кол коюлган жаңы макулдашуу буга негиз берет. Макулдашууга ылайык эки өлкөнүн биргелешкен ишканалары түзүлүп, Иран аларга өкмөттүн кепилдигисиз 50 млн. доллар өлчөмүндө кредит берет. Андан тышкары салык жана бажы төлөмдөрү азайтылат. Аскар Айтматовдун айтымында, Иран менен Кыргызстандын ортосундагы сооданын көлөмү 1996-жылы 16 млн. доллар болсо, 1999-жылы 5 млн. долларга чейин азайып кеткен. Буга 1998-жылы Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушу себеп болгон. Соода боюнча жаңы макулдашууда ал тоскоолдуктарды жоюу каралган.

XS
SM
MD
LG