Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Барнаулдагы окуя иликтенүүдө


БИШКЕК. Орусиянын Барнаул шаарына жекшемби күнү аргасыздан конгон Новосибирск-Бишкек каттамындагы «Ту-134» учагынын жүргүнчүлөрү бүгүн Бишкекке учуп келишти. Аларды «Кыргызстан аба жолдору» ижарага алган «Алтын эйр» аба компаниясынын «Ан-24» учагы алып келди. Бул тууралуу «Кыргызстан аба жолдору» компаниясынын төрагасынын учуу коопсуздугу боюнча орун басары Владимир Еремин билдирди.
Мурда маалымдалгандай, Новосибирскиден Бишкекке карай келаткан «Кыргызстан аба жолдоруна» таандык «Ту-134» учагынын жүк коюучу бөлүгүндө түтүн чыгып, учак Барнаулга конууга аргасыз болгон. Түтүндүн чыгуу себебин азыр комиссия иликтеп жатат, анын жыйынтыгы кийинки аптада чыгышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG