БИШКЕК. 2004-жылдын башында «Салык кодексинин» жаңы редакциясын иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлөт. Мындай маалымат бүгүн «Салык кодексинин» жаңы редакциясын иштеп чыгууга арналган «Тегерек стол» жыйынында айтылды. Азыркы «Салык кодекси» чет өлкөлүк адистердин жардамы менен даярдалгандыктан, анда жергиликтүү шарттар эске алынбай, ишкерликке жана өндүрүшкө тоскоол болгон жоболор абдан көп. Ушундан улам кодекске 700гө жакын өзгөртүү-толуктоо киргизүү зарыл. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаровдун айтымында, кодекстин жаңы редакциясы 2004-жылдын май айына чейин даярдалып, кабыл алынышы мүмкүн.