БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын долбоорун карай баштады. 38 беренеден турган мыйзамдын биринчи эки беренеси кабыл алынды. Долбоорду беренелер боюнча кабыл алуу бейшемби күнү уланат. Мыйзам долбоору боюнча депутаттардын суроолоруна мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жооп берди.