Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Инвестициянын көлөмү өсүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев тыштан инвестиция тартуу маселесине байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстанга 77.5 млн. доллар инвестиция тартылып, анын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 25% өскөн. Алсак, 9 айда Канададан тартылган акчанын көлөмү өткөн жылдын 9 айына караганда 50%, Италияныкы 87%, Кытайдан келген акча 65%, ал эми Түркиядан келген инвестиция 2,5 эсеге көбөйгөн.
Базарлардагы дүкөнчүлөргө эсеп-кысап аппаратын коюу маселесине токтолгон вице-премьер-министр ишкерлер же патентти же эсеп-кысап машинесин тандашы керек деди. Анын айтымында, январь айынан тартып соода кылуу укугун берүүчү патентке баа эки эсеге өсөт. Эгер соодагер патентсиз иштөөнү кааласа, ал эсеп-кысап аппаратын орнотууга тийиш болот.

XS
SM
MD
LG