Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Өкмөт башчы үстөксүз насыя акча алган


БИШКЕК. Жыл башында «Кыргызстандын улуттук электртармактар» акционердик коомунан премьер-министр Николай Танаев102 миң доллар өлчөмүндө үстөксүз насыя (ссуда) алган. Бул тууралуу бүгүн депутат Дүйшөн Чотонов билдирди. Анын айтымында, мындай кадамга барышка өкмөт башчынын моралдык укугу жок болчу жана бул тууралуу маселе жакынкы арада Мыйзам чыгаруу палатасынын Отун-энергетика боюнча комитетинде каралмакчы. Депутаттын сөзү боюнча, энергетика тармагында кризис күчөп, бюджеттеги акчанын тартыштыгынан маяна, пенсия жана жөлөк пул өз убагында берилбей турганда өкмөт башчынын үстөгү жок насыя алышы анын кызматынан кетишине түрткү берүүчү окуя.
«Кыргызстандын улуттук электртармактар» акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү, премьер-министрдин кеңешчиси Андрей Иордан бүгүн «Азаттыкка» айткан маалыматында насыя Николай Танаевдин арызынын негизинде берилген. «Директорлор кеңеши мындай чечим кабыл алгандан кийин ага мыйзам жол берет», - деди Андрей Иордан.
Николай Танаев ушул жылдын 2-январында турак-жайын жаңыртыш үчүн насыя берүү арызын жазып, анын негизинде 102 миң доллар акча 5 жылга үстөгү жок берилген. Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Курманбек Раматов бул окуя боюнча эч кандай түшүндүрмө бере албасын айтты.

XS
SM
MD
LG