Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

КАРА МАЛДЫН КУТУРМАСЫ АКШга ЖЕТТИ


Шейшембиде АКШнын айыл чарба министрлиги өлкөдө уйдун кутурма оорусунун алгачкы фактысы катталганын билдирди. Буга чейин негизинен Европада жайылган бул илдет америкалык экономикага олуттуу зыян тийгизиши ыктымал.

Айткандай эле, Вашингтондун жарыясынан көп узабай Япония, шаршембиде болсо Түштүк Корея өкмөттөрү АКШдан уйдун этин сатып алууну убактылуу токтото туруу чечими жөнүндө билдиришти. Шейшембиде АКШнын айыл чарба министри Энн Венеман Вашингтон штатында соютка даярдалган бир уй текшерилип, анализдер ал “Bovin Spongiform Encephalopathy”, же кутурма оорусуна чалдыкканын көрсөттү деп билдирди:

- Бүгүн айыл чарба департаментинин Эймстеги улуттук ветеринардык лабораториясынан кутурмага текшерилген бир уйдун тесттери позитивдүү болуп чыкканын ырасташты. Буга карабай, биздин азык-түлүк продукциябыз ден-соолукка коопсуз деп ишенебиз.

Министр дагы бир нече анализ АКШнын аскерий учагы менен Англиядагы лабораторияга жиберилгенин, алар 4-5 күндөн кийин даяр болоорун кошумчалады. Оорулу мал табылган ферма болсо катуу көзөмөлгө алынып, карантинге жабылды.

Япония менен Корея АКШнын эң чоң эт экспорттоочусу. Мисалы, АКШ 2002-жылы Японияга 842 миллион долларга эт саткан. Экспорттолуучу продукциянын тешкерүүдөн өткөнү жөнүндөгү Вашингтондун ырастоолоруна карабай, Токио азырынча эт сатып алууну токтото турууну ыңгайлуу көрөт. Бул жөнүндө шейшембиде япон өкмөтүнүн өкүлү Ясуа Фукуда жарыялады:

- Кошмо Штаттарында кутурма оорусу тастыкталгандыктан, эттин таза экени текшерилмейинче, бугүндөн тарта аны АКШдан импорттоону токтотобуз.

Буга чейин Токио ушундай эле чектөөнү Канаданын малына да киргизген. Быйыл 20-майда Оттава өлкөдө кутурма илдети катталганын жарыялаган эле.

Япониянын салттуу диетасы күрүч, балык жана жашылча-чөптөн турганы менен, соңку кездери уйдун этинен жасалган даам-татым өзгөчө тез тамактануучу кафе-ресторандарда абдан популярдуу болуп калган.

Уйдун кутурма оорусу буга чейин АКШда катталган эмес. Ал жөнүдө америкалыктар 1990-жылдары илдет Европада, өзгөчө Британияда жайылып кеткенде биринчи жолу угушкан. Бул оору жаныбардын мээсине доо кетирет. Адистер илдетти жуктуруп алган адамдар кутурган малдын мээсин же омурткасынын чучугун жеген болушу мүмкүн дешет. Азыркы күнгө карата уйдан жуккан кутурмадан 130дай киши көз жумган. Алардын көпчүлүгү – британиялыктар.

Ошентсе да, америкалык министр Энн Венеман мекендештерине кайрылып, паникага алдырбай, майрамдык тамак-ашты коркпой, адаттагыдай эле даярдоого чакырды:

- Ушу тапта америкалыктардын көпчүлүгү майрамдарга даярданып жатышат. Эл камсанабай, өздөрүнүн салттуу тамак-аштарынан баш тартпай эле койсун. Мисалы, Кристмасста менин майрамдык үстөлүмдө уйдун эти да болот.

Министр өлкөнүн ички коопсуздук катчысы Том Ридж менен жолугуп, маселени талкуулаганын да айтты. “Колдогу маалыматка таянып, бул - террордук акция эмес экенин айта алам”, - деди Венеман.

Анын аралыгында, 18-декабрда Европа биримдиги Британияга кайрылып, кутурмага кабылган пациенттин өлүмү боюнча кеңири түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

XS
SM
MD
LG