Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Пакистандын президенти Первез Мушарраф өлкөнүн аскерий командачылык милдетин өткөрүп бермей болду


Өлкөнүн маалымат министри Шейх Рашид Ахмед Пакистандын президенти келерки жылдын аягында аскер башчылыкты өткөрүп берүү чечими менен парламентте көпчүлүк добушка ээ исламчыл альянстын талабын аткарганын маалымдады. Президенттик бийликти күчтөндүрүп, ага парламентти таркатууга укук берген конституциялык өзгөртүүлөрдү талкуулар алдында парламент Мушаррафты президент жана армия башчысы катары кош тизгин кармоодон баш тартууга чакырышкан.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага

XS
SM
MD
LG