Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Казакстанда өткөн түнү жаратылыш газын ташыган куурда өрт чыкты


Кырсык жалпы Борбор Азиянын газ бөлүштүрүү тармагына зыян келтирди. Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Орусиянын чек арасына жакын жердеги Жангала аттуу кыштактан 12 чакырымдай алыстыктагы газ кууру түн ортосунда бир топко чейин алоолонуп күйүп турган. Ал аркылуу Түркмөнстандан көгүлтүр отун Орусия менен Украинага ташылат. Кырсыктын себептери иликтенип бүтө элек, өрттүн кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG