Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Жакынкы Чыгышта ок атышуулар уланууда


Израил аскерлери 24 саатка созулган операциясын жыйынтыктап, Газа секторундагы Рафах калаасы менен качкындар лагерин бошотуп чыгып кетишти. Анын жүрүшүндө 9 палестин набыт болуп, 40ка жакыны жараат алып, ондогон кишилер үй-жайсыз калышты. Андан тышкары жөөт аскерлери узундугу 800 метрлик туннелди талкалашты. Тель-Авив бул маанилүү автожол аркылуу курал-жарак аткезчилиги гүлдөп жатканын айтат. Палестинанын коопсуздук кызматы Франспресс агенттигине маалымдагандай, операциянын жүрүшүндө 30 үй талкаланып, дагы ондогон курулуш жайларга жарака келтирилди. Бүгүн таңга маал Израил армиясы палестиндердин Тулкарем шаарын курчоого алып, тикучмалардын колдоосу астында ал жердеги аскердик операциясын жүргүзө баштады.

XS
SM
MD
LG