Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Украиналык депутаттардын көбү украин президентин келечекте парламент шайлашын колдоду


Өлкө конституциясына президентти мындан ары элдин ордуна мыйзам чыгаруу органы шайлайт деген өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорду парламент алгачкы окулушунда жактырды. Парламенттеги оппозициячылар кечээ электрондук добуш берүү системасын бузуп салгандыктан, бүгүн Верховна Рададагы ачык добуш берүүдө аталган мыйзам долбоорду 450 депутаттын 276сы колдоп берди. Конституцияга жогорудагыдай өзгөртүү киргизүү үчүн 2-окулушунда мыйзам долбоорду депутаттардын кеминде үчтөн экиси колдоп добуш бериши керек. Раданын оппозициячыл мүчөлөрү бүгүнкү добуш берүүгө нааразылык билдирип, парламенттин тегерегин ызы-чууга бөлөштү. Алар президентти парламент шайласа, Леонид Кучма өз ордуна каалаган кишисин оңой эле отургуза алат деген пикирде.

XS
SM
MD
LG