Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:20

АКШда уйдун кутурма дарты табылгандыктан, бир катар өлкөлөр Америкадан уйдун этин сатып алууну токтотушту


Мээге доо кетирчү кара малдын жугуштуу дарты дароо америкалык ылдам тамактандырчу ашканаларга зыянын тийгизип, АКШдан уйдун этин сатып алган Жапония, Түштүк Корея, Сингапур, Орусия, Тайван жана башка өлкөлөр дароо импорттун бул түрүнөн баш тартышты. Европа Биримдиги, Кытай, Канада андай чара киргизээр алдында кырдаалды көзөмөлгө алаарын эскертишти. Андан улам, АКШнын айыл-чарба министри Энн Венеман коомчулукту жугуштуу дарттын жайылуу коркунучу жок деп ишендире кетти:
"Бүгүн биз өлкөнүн айыл-чарба департаменти өткөргөн текшерүүдөн соң Вашингтон штатында бир уйдан кутурманын белгилери табылганын билдик. Ага карабастан, биздин тамак-аш өнөр жайыбызга жана адамдардын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок деп айтмакчымын".
Эксперттер бул жаңылык Американын экономикасын олку-солку абалга кириптер кылганын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG