Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Инфляция күчөдү


БИШКЕК. «Ушул күнгө карата Кыргызстандагы инфляциянын деңгээли 4% болоору болжолдонгон. Иш жүзүндө инфляция 5,5% жетти. Мындай көрүнүш бизди катуу тынчсыздандырып жатат», - деп билдирди Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында. Анын айтымында инфляциянын күчөшүнө бензиндин жана буудайдын баасынын соңку мезгилде өсүшү себеп болду. «Эгерде, келечекте да буудайдын жана бензиндин баасы көтөрүлсө инфляция жогорулайт. Ошондуктан учурда биз кырдаалды турукташтыруу максатында бардык аракеттерди көрүп жатабыз», - деп кошумчалады Улуттук банктын төрагасы.

XS
SM
MD
LG