Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Террордук чабуул коркунучунан улам, Ейр Франс алты рейсин токтотту


Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги айрым жүргүнчүлөр франциялык учактарды террористтик максатта колдонушу мүмкүн деп эскерткенден кийин, Франциянын бийликтери кечээ жана бүгүн Париж-Лос-Анжелес аба каттамдарын токтотууга буйруган. Франциянын ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ уча турган жүргүнчүлөрдүн айрымдары суракка алынды, бирок терроризмге байланышкан эч кандай шектүү кырдаал аныкталган жок. Бир да жүргүнчү камакка алынган жок.
Жекшембиде Вашингтон АКШдагы террористтик коркунуч деңгээлин эң жогоркудан төмөнкү баскычка жогорулаткан эле. Бийликтердин ырастоосунда, эсктремисттер 11-сентябрдан да ашып түшкөн кандуу чабуулдарды даярдап жатышат.

XS
SM
MD
LG