Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Марска конмокчу болгон космикалык аппараттан Жерге белги келип түшө элек


Окумуштуулар Марска конмокчу болгон «Бигль-2» аттуу британдык модулдан дагы эле эч кандай даана сигнал ала албай жатышат. Марска барып конуу – жарым жыл бою уланып келаткан экспедициянын эң татаал бөлүгү. Сөз болуп жаткан убакыт ичинде «Бигль-2» 400 миллион чакырымдан ашуун аралыкты учуп өткөн. Эгерде «Бигль-2» Марстын бетине ийгиликтүү консо, ал 70-жылдарда Марска кондурулган космикалык аппараттан кийинки экинчи аппарат болмокчу. Андан бери «Кызыл планета» деп атыккан Марска космос аппаратын жиберүүгө адам баласы 30 жолу аракет кылып, бирок андан майнап чыккан эмес.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Аманбек Дилденбай, Прага

XS
SM
MD
LG