Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:35

Жапония Иракка өз аскерлерин жөнөттү


Бүгүн эртең менен Жапониянын 20дай учкучу Иракка жөнөп кетишти. Алар бул өлкөдө жалаң гуманитардык милдеттерди аткармакчы. Булар - Иракка бара турган жапон аскерлеринин алгачкылары. Жалпы жонунан Жапония Иракка миңге жакын аскер жөнөтүүнү пландаштырып жатат. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин чет өлкөгө жиберилген аскерлердин эң чоң бөлүгү болмокчу. Жапониянын конституиясы боюнча анын аскерлери өлкөнүн чегинен тышкары согуштук аракеттерге катышканга акысы жок. Андыктан жапон аскерлери Иракта суу түтүктөрүн оңдоп, элге медициналык жардам көрсөтүп, мектептерди курууга жардам бермекчи.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG