Орусиядагы Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский партиянын курултайында кийинки президенттик шайлоого өз талапкерлигин койбой тургандыгын билдирди. Бирок ал 2008-жылы боло турган президенттик шайлоолорго сөзсүз катышаарын да айтып өттү. ЛДПРдин атынан талапкер катары партиянын саясий кеңеши сунуш кылган төрт адамдын бири катталат. Ал тууралуу чечим жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Жириновский 1990-жылдан бери президенттик шайлоолордо такай өз талапкерлигин коюп келген. Кийинки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын Григорий Явлинский да жарыялады. Ал жетектеген “Яблоко” партиясы шайлоонун адилет өтөөрүнө ишенбегендиктен, талапкер көрсөтүүнү туура тапкан жок.