Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Багдадда эки америкалык аскер курман болду


Багдаддын түндүк-чыгышындагы аскердик базага кечээ козголоңчулардын кол салышынан эки америкалык аскер курман болду. Бул тууралуу бүгүн америкалык аскер өкүлү билдирди. Жөө аскерлердин Төртүнчү бөлүгүнүн майору Жосслин Аберейл айымдын айтымында, миномет менен кол салуунун учурунда, мындан тышкары, 4 аскер жарадар болгон. Бул окуя Ирактын башкалаасынан болжол менен 50 чакырым алыстыктагы Бакуба аттуу аскер базасында болгон. Иракта өлтүрүлгөн аскерлердин саны президент Ж. Буш 1-майда согуш жарыялагандан бери ушуну менен 207 киши болду.

XS
SM
MD
LG