Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 00:33

Иранда 4 миңдей адам жер титирөөдөн каза тапты


Ирандын мамлекеттик сыналгысынын кабарына караганда, бул өлкөнүн Бам шаарында бүгүн таңга маал болгон 6,5 баллдык жер титирөөдөн кеминде 4 миң киши каза таап, 30000 адам жарадар болду. Бам шаарынын 60% жакыны, анын ичинде 2 миң жылдай тарыхы бар сепил да кыйроого учураган. Шаарда 80 миңдей киши жашайт жана ал Тегерандан түштүк-чыгышты көздөй болжол менен миң чакырымдай аралыкта жайгашкан. Орусия менен Германиянын жетекчилери Ирандын өкмөтүнө жана элине көңүл айтуу жолдошуп, колдон келген жардамын бере турганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG