Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Баткенде бодо мал шарп ылаңына кабылдыбы?


БАТКЕН. Облусттук ветеринария башкармалыгынан 26-декабрда алынган маалыматка караганда, акыркы күндѳрдѳ Баткен районундагы Булакбашы, Чек айылдарындагы бодо малдан шарп илдетинин айрым белгилери байкалган. Андай малдын саны болжол менен жүздѳн ашат. Бирок алардын илдетке чалдыккан же чалдыкпаганы азырынча так аныктала элек. Учурда илдетке кабылган деп шектелген малга текшерүү иштери жүрүүдѳ. Ушул күздүн октябрь-ноябрь айларында Баткен, Лейлек райондорунда бул илдет жайылып кетип, жалпысынан, 80ден ашуун мал бул ылаңга чалдыкканы аныкталган. Ал эми ушул айдын башында дарылоо жана эмдѳѳ иштеринин натыйжасында илдеттин жайылышы токтогонун адистер билдиришкен эле.


Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG