БИШКЕК. «Мээрим» эларалык кайрымдуулук фондунун түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Буга байланыштуу бүгүн Кыргыз мамлекеттик филармониясында салтанаттуу жыйын өттү. Ага президент Аскар Акаев баш болгон мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, элчилер катышты. Жыйында фондго «Руханият» ассоциациясы өзүнүн сыйлыгын тапшырды. «Мээрим» фонду 1993-жылы президенттин жубайы Майрам Акаева тарабынан негизделген.