Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-жылдын бюджетин карай баштады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн 2004-жылдагы бюджетинин долбоорун талкуулоого киришти. Кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоорду Эл өкүлдөр жыйыны 9-декабрда кабыл алып, андан соң Мыйзам чыгаруу жыйынына жөнөткөн. Долбоорго эми Мыйзам чыгаруу жыйыны макулдук бериши керек. Эл өкүлдөр жыйыны талкуулап, кабыл алган мыйзамга ылайык бюджеттин киреше бөлүгү 14 млрд. 215 млн. сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 14 млрд. 956 млн. сомду түзөт. 2004-жылдагы бюджетте социалдык тармакка артыкчылык берилип, ал ички дүң продукциясынын 44% түзө турган болду.

XS
SM
MD
LG