Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:38

Москва менен Киев мындан эки жыл мурда украиналык ракета жаза тийип кыйраган орусиялык учакта өлгөндөрдүн жакындарына компенсация төлөө маселесин макулдашышты

Көпчүлүгү Израил менен Орусиянын жарандары болгон 78 адамды салган «ТУ-154» учагы Кара деңиздин үстүндө бараткан жеринен Украинанын аскердик машыгуусу маалында атылган ракетага кабылып кулап түшкөн. Жума күнү макулдашууга кол койгон Украина менен Орусиянын тышкы иштер министрлери документтин жол-жоболорун чечмелеп айтышкан жок. Эки ай мурдараак Киевдик кабар агенттиктери Украина менен Израилдин ортосунда кол коюлган ушундай макулдашуу боюнча, украин өкмөтү ал учакта өлүмгө учураган ар бир адамдын үй-бүлөсүнө 200 миң доллардан төлөп бере турган болгонун маалымдашкан.
XS
SM
MD
LG