Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:11

Босниялык сербдердин өкмөтү Сребреницада болгон кыргынды иликтей турган комиссия түздү


Босниянын чыгыш бөлүгүндөгү Сребреницада 1995-жылдын июль айында он күнгө жетпеген убакыт ичинде 7000ден ашуун жергиликтүү эркек мусулмандар өлтүрүлгөн. Жумурияттагы эл аралык өкүл Пэдди Эшдоун комиссиянын алгачкы отчету январь айында даяр болот деп күтүп жатканын билдирди. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европада орун алган эң коркунучтуу кыргын үчүн жооптуу деп шектелген ал кездеги серб аскербашчылары Караджич жана Младич эл аралык трибуналдан качып, изин жашырып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG