Ливан жетекчилигинин айтымында, 25-декабрда Африканын Бенин мамлекетинде кыйраган учак - ага өтө көп жүргүнчү түшкөнүнөн болгон. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Ливан жарандары болчу жана кырсыктан жүзгө жакын адам каза тапты. Бенинге Ливандын тышкы иштер министри Жан Обейд да барып келди жана жарат алган 15 адамды өзү менен кошо ала келди. Өлгөндөрдүн сөөгүн Ливанга франциялык аскерий учак жеткирмей болду.