Марс планетасына жиберилген "Бигл-2" аттуу аппараттан эмгиче дайын жок. Планетаны айланып учкан "Марс-экспресс" кемесинен 19-декабрда бөлүнүп, Марска жөнөгөн аппарат ага барып 25-декабрда конмок, бирок белгиленген убакта эч радиосигнал берген жок. Аны менен байланышуу үчүн, жерден да, Марсты айланып учкан башка кемелерден да беш аракет жасалды, бирок байланыш орногон жок, "Марс-экспресс" болсо планетага эми 4-январда гана жакындайт. Кемени Марска мындан алты ай мурда Европанын космос агенттиги Байкоңурдан учурган, ага англиялык окумуштуулар "Бигл-2" аппаратын кошумча орноткон.