Кытайдын "Синьхуа" маалымат агенттигинин айтымында, Чунгцзин провинциясында болгон кырсыктын очогу көзөмөлгө алынды жана уулуу газ чыккан жарака бүгүн бүтөлдү. 23-декабрда шахтада жарылуу болуп, жер алдынан уулуу газ чыга баштаган жана кырсыктан 191 адам өлүп, тогуз миңге жакын киши ууланган. Шахтанын айланасында жашаган 40 миңге жакын адам башка жерлерге көчүрүлдү.