Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:06

Баткенде «Алтын балаты» майрамы белгиленди


БАТКЕН. Ага облустун район, шаарларынан келген жүздөн ашуун окуучулар катышты. Жаңы жылдык салтанатта облус губернатору Аскарбек Шадиев жеткинчектерди жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Губернатор өз сөзүндө быйыл Баткен облусунун 50 окуучусу президенттин «Жеткинчек» стипендиясына татыктуу болгондугун жана 52 окуучу республикалык олимпиадага катышууга укук алганын белгиледи. Андан соң аземдин салтанаттуу бөлүгү башталып, мектептин окуучулары ырдап, бийлешти. Аяз ата менен Аяз кыз белектерин таратты. Салтанаттын соңунда облус губернатору «Жеткинчек» стипендиясына татыктуу болгон окучууларга өлкө президентинин атынан стипендия тапшырды. Ошондой эле окуунун алдыңкыларына жана турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектерди таратты.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты

Редактор – Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG