БИШКЕК. Казакстандан ташылып келген көмүрдү сатуунун эсебинен премьер-министрдин фондуна 4 млн. доллар түшүшү керек. Ал акча мамлекеттик маанилүү социалдык объектилерди каржылоого жумшалат. Кыргыз өкмөтүнүн декабрда чыгарган токтомуна таянып, «АКИпресс» агенттиги ушундай маалымат таратты. Казакстан бул көмүрдү 1994-1997-жылдар аралыгында пайдаланган электр энергиясы үчүн берүүдө. Электр энергиясын пайдалануу боюнча 2001-жылдын апрелиндеги өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык Казакстандын Кыргызстанга кайтара турган каражаттын өлчөмү 5 млн. 873 миң сомду түзөт. Көмүрдүн ал акчасы буга чейин бюджетке которулуп келген. Фонддун жобосуна ылайык премьер-министрдин фондундагы каражат бюджеттин тутумуна кирбейт жана андан салык алынбайт. Фондунун эсебинен каржылык колдоо көрсөтүү чечимин премьер-министр өз аппараты сунуштаган тиешелүү материалдардын негизинде кабыл алат.