Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Кербен айылы шаар болот


БИШКЕК. Жалалабад облусунун Аксы районунун борбору Кербен айылына шаар статусун берүү тууралуу айыл кеңешинин суранычына кыргыз өкмөтү макулдук берип, буга байланышкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жолдоду. Мындай маалыматты ишембиде «АКИпресс» агенттиги таратты. Депутаттар Азимбек Бекназаров менен Ташболот Балтабаевдин бүгүн айткан пикирлерине караганда, район борборлоруна шаар статусун берүү кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо саясатына ылайык жүргүзүлүүдө. Жогорку Кеңеш кабыл алган «Кыймылсыз мүлктү каттоо жөнүндө» мыйзам боюнча кыймылсыз мүлктү каттоо өлкө ичиндеги шаарларда гана жүргүзүлүшү керек.

XS
SM
MD
LG