Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Батыш Жээкте тосмо курууга каршы жүздөгөн киши демонстрация өткөрдү


Калдиля шаарында кечээ палестиндер жана чет элдик тынчтык активисттери чогулушту. Алар тикенектүү тосмо менен шаарды курчоого алууну токтотууну талап кылышты.

Мунун алдыңкы күнү Израилдин армиясы ушул эле талап менен чыккан чакан демонстрацияны көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим ок менен атып таркаткан. Ушул эле күнү Калдиляда бир израилдик пацифист, бир америкалык аял жарадар болгон. Ал эми Наблус шаарында израиль аскерлери бир палестин өспүрүмдү атып өлтүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG