Эл аралык Атомдук Энергетика агенттигинин жетекчиси Мохамед эл-Барадейи жана Ливиянын өзөктүк программасынын башчысы Матоук Мохамед Матоуктун ортосундагы сүйлөшүү Триполиде ачылганын МАГАТЭнин өкүлү Марк Гвоздецкий билдирди. Кечээ эл-Барадейи менен жолуккандан кийин Ливиянын Тышкы иштер министри Мохамед Абдермане Чалгам кабарчыларга буларды баяндады:
- Массалык кыргын куралынан баш тартуу чечимин биз (сырттан) эч кандай басым көрсөтүүсүз кабыл алганбыз. Мен мурда айткандай, биз ачык-айрым иш жүргүзүп, МАГАТЭнин командасы менен толук кызматташууга даярбыз.
Ал эми эл-Барадейи мындай деди:
- Менин командам менен Ливиядагы биздин өзөктүк мандатыбызга тийешеси бар бардык тийиштүү жайларды кыдырабыз. Чалгам мырза айтып өткөндөй, Ливия бизге эшигин ачып жатат, биз бул мүмкүнчүлүктү толугу менен пайдаланабыз.
Өзөктүк жайларды кыдыруу бүгүн башталууга тийиш.