Шаардын борбордук бөлүгүндө жол боюндагы жардырууда каза тапкандардын экөө жаш балдар, экөө америкалык аскерлер экендигин АКШ армиясынын маалымат кызматы билдирди. Бир нече киши жарадар болду.
Анын аралыгында Ирактын түндүгүндөгү кол салууда Күртстандын Демократиячыл партиясынын жетекчисинин орун басары жараат алып, аны кайтарып жүргөн үч киши окко учту.
Кечээ түштүктөгү Кербала шаарында куралчандар 4 болгар, 2 тайланд, 12 ирак аскерин атып өлтүрүп, 100дөн ашык кишини жарадар кылган эле. Бул кандуу окуяларга байланыштуу Польша аскерлеринин өкүлү Мовек Ожкановский кечээ кечинде Ройтерске буларды маалымдады:
- Бүгүн түшкү саат бирлерде Кербалада биздин турактарга душмандардын координацияланган үч чабуулу жасалды. Болгариянын турагы, жабдыктар сакталган кампа, шаардык акимият (бутага алынды).