Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Иранда жер титирүү болгон жерден 1 миң киши аман куткарылды


Өлкөнүн түндүк-батышындагы байыркы Бам шаарында эки күн ичиндеги куткарылгандардын мындай статистикасын Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты. Бирок курмандыктардын саны да тынымсыз өсүп жатат.

Ирандын ички иштер министри Абдол Вахед Мусави Лари жума күнкү каргашалуу кырсыктан курман болгондордун саны 20 миңден ашканын бышыктады. Министр шаардык бийликтердин иши тууралуу буларды билдирди:

- Keрман провинциясынын бийликтери шаарды дезинфекциялоо милдетин аркалашууда. Атайын топ уюштуруп, бүгүн ишке киришишти. Унаа министрлигиндеги кызматкерлер аэропорттун аймагын өздөрү тазалай турган болушту.

Ал эми Бириккен Улуттардын Гуманитардык иштер боюнча атайын өкүлү Жеспер Ланд чет элдик жардам аракеттерине мындайча баа берди:

- Aбал оор эле, азырынча так сандар белгисиз. Ушул тапта 22 эл аралык куткаруучу команда иштеп жатат. Алар кыйрандылардан тирүү калгандарды издешүүдө. Бирок жакын арада куткаруу иши соопчулук иши менен алмашып, чатыр, азык-түлүк, дары-дармек жеткирүү менен алпуруша баштайт окшойбуз.

XS
SM
MD
LG