Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:36

Сербиядагы парламенттик шайлоодо ашынган улутчулдардын партиясы алдыга чыкты


Бейрасмий маалыматтарга караганда, учурда Гаагадагы эл аралык трибуналда камакта отурган Воислав Шешелдин ашынган улутчул Радикалдык партиясы жекшембидеги шайлоодо добуштардын 27,7%на ээ болгон. Бирок, ал өкмөттү өз алдынча кура албайт. Эгер бул маалымат ырасталаса, улутчулдар 250 орундуу серб парламентинде 82 орунду алат. "Эркин шайлоо жана Демократия" үчүн деп аталган бейөкмөттүк уюмдун эсебинде Гаагадагы эл аралык трибуналда отурган дагы бир саясатчы, Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичтин Социалисттик партиясы 7, 6% добуш топтогон. Ал эми реформачыл маанайдагы үч партия бириккенде 42% добуш алганы кабарланууда. Бул шайлоодон соң Сербиянын өкмөтү кандай коалицияда түзүлөөрү азырынча белгисиз. Добуш берүүгө болсо калктын 60%дайы катышкан.

XS
SM
MD
LG