Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:16

Кыргызстан Өзбекстандын газы үчүн акыны доллар менен төлөөгө даяр


БИШКЕК. Кыргызстан Өзбекстандын газы үчүн акыны валюта түрүндө нак акча менен төлөөгө даяр. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү премьер-министрдин кеңешчиси Андрей Иордан билдирди. «Бирок, Бишкек менен Ташкендин ортосунда газдын баасы боюнча пикир келишпестиктер бар. Кыргыз тарап 1000 кубометр газ үчүн 38-40 доллар төлөөгө даярдыгын билдирсе, өзбек тарап 42 доллар талап кылып жатат»,- деп кошумчалады Андрей Иордан.
«Кыргызгаз» 2004-жылда газ сатып алуу боюнча «Узтрангаз» менен келишим түзө элек. Ошого байланыштуу «Узтрансгаз» жаңы жылдан баштап Кыргызстанга газ берүүнү токтотушу мүмкүндүгүн, бирок, ал өкмөттүк деңгээлде чечилээрин «Узтрансгаздын» өкүлү «Азаттыкка» билдирди. Андрей Иордандын маалыматы боюнча, «Кыргызгаздын» «Узтрангазга» валюта түрүндө төлөй турган карызы дээрлик толук жоюлду, ал эми 10 млн. долларлык материалдык-товардык карыздын көлөмү болсо 7 млн. долларга чейин кыскартылды.

XS
SM
MD
LG