Ливия эл аралык каруу жарак инспекторлору менен жакшы кызматташууда деп билдирди Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги –МАГАТЭнин директору Мохамед ал-Барадейи бүгүн Триполи шаарында.
Инспекторлор, ал-Барадейинин сөзүнө караганда, төрт ишкананы кыдырып, уранды байытуу үчүн пайдаланылышы ыктымал жабдууларды текшеришти. Жабдууларды Ливия кара базардан сатып алганын тастыктап, Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кол коебуз деп сөз берген. “Эми, -деп улантты сөзүн ал-Барадейи андан аркы сөзүн:
- Ливия менен бирдикте өлкөнүн өзөктүк программасына тийиштүү ишмердүүлүгүн, ал багыттагы жумуштарды жана документтерди иштен чыгаруунун планын иштеп чыгуу шарт.
Ырасмий Триполи ай башында атомдук жана башка тыйуу салынган куралдарды жасоо мерчеминен баш тартканын жарыялап, МАГАТЭнин инспекторлору менен кызматташууга даяр экенин билдирген эле.