Стамбул шаарынын башкы аянтында Жаңы жылды тосууга байланышкан майрамдык иш -чараларды өткөрбөө чечими коопсуздук жүйөөсүнөн улам кабыл алынды. Стамбулдун мэриясынан билдиришкендей, өткөн аптада Иса пайгамбардын туулган күнү, Жаңы жыл майрамдары учурунда Түркияда АКШнын, Батыштын, Израилдин кызыкчылыктарына каршы террактардын жасалышы мүмкүн экендиги жөнүндө эскертүү алынган. Ачык асман алдында өтүүчү майрамдык кечеге оң миңдеген адамдар катышаары күтүлүп жаткан эле. Өткөн айда "ал-Каида" уюму менен байланышы бар жанкечтилер Стамбулда жөөттөрдүн эки синагогасын, британ консулдугу менен британиялык банктын имаратын жардырып, алтымыш эки адамды мерт кылышкан болчу.