Бам шаарында урандылардын алдында калгандарды издөө - куткаруу иштери аяктоодо жана эми негизги көңүл жер титирөөнүн айынан үй жайсыз калган миңдеген адамдарды башпаанектей турган жай, кийим-кече, азык-түүлүк менен камсыздоо ишине бурулуп жатат. Расмий маалыматтар боюнча өткөн жума күнү болгон жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 30 миңге жакындоодо. Урандылардын алдынан 25 миңдей адамдын сөөгү табылып, алар көмүлдү. Кечээ Ирандын диний көсөмү аятолла Али Хаменейи Бамда болгондо, бул байыркы шаар калыбына келтирилээрин убада кылды. Мунун аралыгында Перси булуңундагы өлкөлөрдүн Кызматташтык кеңешине кирген Сауд Аравия, Кувейт, Оман, Катар, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары жер титирөөдөн жапа чеккен Иранга 400 миллион доллар жардам берүүнү макулдашты. АКШда жер титрөөгө байланыштуу Иранга берүүчү жардамын көбөйтөөрүн билдирди. АКШнын гуманитардык жардам салган алгычкы учагы Керман провинциясына жекшемби күнү конгон. Бул АКШнын учагы 1981- жылы өлкөнүн Тегерандагы элчилиги басылып алынгандан бери Иранга алгачкы ирээт келиши.