Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Литванын Конституциялык соту өлкөнүн президенти Роландас Паксас конституцияны бузган деген чечимге келди


Соттун төрагасы бул чечимди жарыялап жатып, президент Паксас өзүнүн шайлоо кампаниясына жардам берген үчүн орусиялык бизнесмен Юрий Борисовго Литванын жарандыгын тартуулап, Конституциянын үч беренесин бузганын билдирди. Конституциялык соттун чечими кайра каралбайт. Кезегинде Суданга курал-жарак саткан деп айыпталган орус бизнесмени Борисов Литванын президентинин шайлоо кампаниясынын башкы демөөрчүсү болуп берген.

XS
SM
MD
LG