Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:01

Ошто жазуучулардын конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды


ОШ. 30-декабрда Ошто Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаттары аныкталды. Беш жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул конкурстун быйылкы жылдагы жеңүүчүлөрүнө бүгүн 20 миң сом өлчөмүндөгү акча жана дипломдорду облус губернатору Накен Касиев тапшырды. Белгилүү акындын атындагы сыйлыкка поэзия жанры боюнча «Бал уурттам» аттуу китеби менен акын Кожогелди Култегин татыктуу болду. Ал эми проза жанрынан сыйлыкка Абдимитал Камаловдун балдар үчүн жазылган «Кечки жомок» деген китеби менен арзыды. «Алымбек датка» деп аталган драмалар жыйнагы үчүн драматург Суранчы Жетимишов драма жанры боюнча жеңүүчү болду. Жеңүүчүлөрдүн бири Кожогелди Култегиндин «Бал уурттам» аттуу китеби Токтогул сыйлыгына да көрсөтүлгөн.


Кабарларды Айданбек Акмат уулу менен Бүбүкан Досалиева даярдашты

Редактор – Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG